Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук усулдук күн өткөрүлдү

    Билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин профсоюзунун  Жалал-Абад   облустук  профсоюздук   билим  берүү  Борборунун  иш  планына  ылайык                 2018-жылдын 7-февралында  Жалал-Абад  шаардык  комитетине  усулдук жардам  көрсөтүү  күнү  өткөрүлдү.

    Анда обкомдун  бөлүм  башчысы  А.Бегматов,  Борбордун  жетекчиси  А.Айдаровтор  комитеттин  иши  менен  жакындан  таанышып, баалуу  кеңештерин, сунуштарын беришти. Алдында  болотурган   “Балдардын  коопсуздугун  камсыздайлы!”  темасындагы облустук  тегерек   столга даярдык иштери  талкууланды.     

   Шаардык  комитеттин  төрагасы   К.Акуновтун  суроолоруна  жооптор  берилип, профсоюз  ишмердүлуктү жакыртүүнун  багыттары көрсөтүлдү. Жаш жетекчи мындай иш-чараларды өткөрүү натыйжалуу  жардам болорун айтып, ыраазычылык  билдирди.

Материалды  даярдаган: Обкомдун  пресс –катчысы-М.Абдыкадырова.