Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук усулдук декада

      «2017-жыл-  тармакта адептүүлүктүн  жана  укуктук  маданияттын  жылы”  иш-чараларынын  алкагында  Ноокен  районунун  жаш  профлидерлери  үчүн  20-30-март  күндөрү  усулдук  декада   өткөрүлдү. Декада  күндөрүндө   райондук  комитеттин   буйругу  менен  жаш  профлидерлерге  бекитилген   насаатчылар  тарабынан  усулдук  жардамдар  берилди. Бул  иш-чара  сентябрь  айына  чейин   системалуу  улантылып, “Мыкты  насаатчы-2017”  кароосунун  жыйынтыгы  чыгарылат. Усулдук  декада  биз  жаш  профлидерлер  үчүн   чоң   жардам  жана  жаңылык  болду.  Райондук  комитетке  чоң  ыраазычылык  билдиребиз.

Материалды  даярдаган:  Ноокен  районунда  жаңыдан  ачылган №33  “Жоогазын”  бакчасынын   профкому  Төрөбекова   Айжан.