Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук окуу-семинар

      Ош ОПКнын тейлөөсүндөгү ЖОЖ, АООЖ, ОБИ, ОБЧБ, У. Салиева, «Жетиген» лицей-интернаттарынын профкомдорун, эсепчилерин, кадр бөлүмдөрүн, техникалык коопсуздукту сактоо адистерин катыштырып төмөндөгү темаларды камтыган окуу-семинар  2017-жылдын 15- март күнү өткөрүлдү.

     1. Тайпалар менен карточкалык суроо-жооптор аркылуу иштөө

     2. Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин укуктары жана милдеттери

     3. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо

     4. Кадрдык кызматтын иш кагаздарын уюштуруу жөнүндө

     5. Социалдык өнөктөштүктү  өнүктүрүү жана 2-3 тараптуу жамааттык              

         келишимдер жөнүндө

     6. Кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгаруу жөнүндө

     7. Убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулук, төрөт жана расымдык

         сөөк коюу боюнча жөлөк пулдун төлөнүшү жөнүндө

        8. Окуу семинарды суроо жооптор менен бышыктоо

Окуу семинардын жүрүшүндө катышуучуларды тогуз тайпага бөлүп, ар бир тайпага төрттөн суроону камтыган карточка таратылып берилип, карточкалык система менен суроо жооп аркылуу кызыктуу өттү. Окуу семинар профсоюз активисттеринин жана катышуучулардын укуктук –ченемдик актылар жөнүндөгү билимдерин жогорулатууга багыт алгандыктан, ал өзүнүн максатына жеткендиги, катышуучулардын иш чааранын соӊундагы каалоо сөздөрүнөн айгинеленди.