Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук иш-чара максатына жетти

           2017-жылдын   16-сентябрында Кочкор-Ата  шаарындагы    №14  Губкин  атындагы  орто  мектепте Ноокен  районунун  баштапкы   профсоюздук  уюмдарынын  “2017-жыл-Ыйман, адептүүлүк  жана  жогорку  укуктук  маданият  жылынын”     алкагында  кезектеги  профсоюздук  иш-чараси  болуп  өттү.

         Иш-чаранын  1-бөлүгүндө аталган  жылдын  багытындагы  кароодо  Кочкор-Ата  шаарынын  жана  Момбеков айыл аймагынын  баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  командалары  катышып, шаардыктар  жеңишке  жетишти.

        2-бөлүгүндө  баштапкы  профсоюздук  уюмдарда  3  тараптуу Макулдашуулардын жана  жамааттык  келишимдерди  түзүү  механизмдери, отчеттук  чогулуштарды  өткөрүүнүн жол жоболору жөнүндөгү  усулдук   материалдар  менен  тааныштырылды.  . Иш-чаранын катышуучуларынын  суроолоруна  жооптор  берилди.

            Катышуучулар иш-чарада жаңы  материалдар менен  таанышып,   усулдук  жардамдарды  алышкандыктары үчүн   ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Материалды  даярдаган: Ноокен  райкомунун  төрагасы-К.Нышанов.