Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздук өнөктөштүк менен балдарга камкордук

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А. Исмаилов менен “Кыргыз нефте газ” ААКнун профсоюздук комитетинин төрагасы А. Раимбеков “Зорка” балдардын эс алуу борборунда “ Билим берүү кызматкерлеринин балдарын жайкы мезгилде эс алуусун уюштуруунун иш-чаралары” жөнундөгү КЕЛИШИМ түзүлдү.

Келишимге ылайык жайкы мезгилде 2-агым менен 140 бала Арстанбаптын кооз жеринде жайгашкан “Зорка” эс алуу борборунда ден –соолугун бекемдоого шарттар түзүлөт. Жолдонмолор КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитети тарабынан каржыланат.

Балдардын эс алуу борборуна жеткирүү жана алып келүү райшааркомдордун төрагаларынын жоопкерчилигинде болуп, өздөрүнүн каражаттары эсебинен жүргүзүшөт. Башкача айтканда билим берүү кызматкерлеринин балдары толук акысыз жолдонмолор менен камсыздалат.

Профсоюздук лидерлер каржылоону Борбордук Комитеттин көзөмөлүна жана жетекчилигине алгандыгы үчүн А. Токтогуловко ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров.