Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРОФСОЮЗДУК БРЕЙН-РИНГ КАНДАЙЧА ӨТТҮ?

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Баткен райондук профсоюздар комитетинин 2018-жылдын  23-августундагы токтомуна ылайык “2018-жыл региондорду өнүктүрүү” жылынын алкагында “Региондорду өнүктүрүү жылында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү, укуктук билимдерин, компетенттүүлүктөрүн арттыруу” максатында 2018-жылдын 15-октябрында Кара-Булак айыл аймагындагы Бужун орто мектебинде билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларынын арасында “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Оюнга Баткен районунун аймагындагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Кара-Бак, Кара-Булак, Төрт-Гүл айыл аймагынан келген кесиптик бирлик уюмунун төрагаларынан турган командалар катышып, “Кесиптик бирликтер-эмгек адамынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу коомдук уюм” аттуу ураандын астында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулган.

Жалпы жобого ылайык оюн 2 этаптан турган. 1-этап айыл аймактар арасында, 2-этап райондук болуп, “Достук”, “Ынтымак”, “Адилет”, “Мурас” командалары таймашышты. 1-турда оюндун программасына ылайык Саламдашуу, презентация, эмблемасын коргоо, кесиптик бирликке мотивациялоо номинациялары боюнча “Ынтымак” 1, “Ынтымак” 2, “Достук” командалары алдыга чыгышты. 2-турда командаларга КРнын “Билим берүү жөнүндөгү”, “Мугалимдин статусу”, “Эмгек кодекси”, “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамдары, КР Эмгек кодекси, КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Уставы, Баштапкы кесиптик уюмдары жөнүндөгү типтүү жобосунун негизинде 30 суроо берилип, жыйынтыгында эң көп балл топтогон Кара-Бак айыл аймагынын Достук командасы жеңип чыкты. Жалпы төмөнкүдөй болду:

1-орунга ээ болгон Кара-Бак айыл аймагынын Достук командасы I даражадагы диплом жана 8 000 сом;

2-орунга ээ болгон  Ак-Сай айыл аймагынын Ынтымак 1 командасы II даражадагы диплом жана 5 000 сом;

3-орунга ээ болгон  Кара-Булак айыл аймагынын Ынтымак 2 командасы III даражадагы диплом жана 3 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн Ак-Татыр айыл аймагынын “Адилет” командасына Ардак грамота жана 1 000 сом, Төрт-Гүл айыл аймагынын “Мурас” командасына Ардак грамота жана 1 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

“Брейн-рингди” өткөрүү үчүн каражат кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан бөлүндү. РКПнын төрагасы Т.Жумаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, сыйлыктарды тапшырды. Райондук командага облустук таймашта ийгилик кааалады.

 

 

 Караева Гүлнара

Баткен райусулканасынын башчысы