Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз жаңы жылды жаңы максаттар менен тосуп алды

     2018-жылды Базар-Коргон районунун билим  берүү  кызматкерлери иштеги  ийгиликтер  менен  тосуп  алышты.                              

     Билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин райкомунун  иш  планынына   ылайык  бардык  баштапкы  профсоюздук  уюмдарда жылдын  жыйынтыктары  чыгарылып,  жаңы  максаттар  менен 2018-жылды тосуп  алуу  иш-чаралары  өткөрүлдү.

    Майрамдык  аземдерге райкомдун төрагасы С.  Жаркымбаев катышып, кесиптештерди  жаңы  жыл  менен  куттуктап, жаңы  жылдык  белектерин  тапшырды. Бизди  жаңы жылда жаңы  ийгиликтерге   шыктандырды.

    Жамаат  райкомдун профсоюз  мүчөлөрнүн  укуктарын   коргоо   иштеринде  ийгиликтерди  каалашты. 

Материлды  даярдаган:  Базар-Коргон районундагы №42 К.Сооронбаев  атындагы  орто  мектебинин  профкому- Чыйбылова  Таалайкан