Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз жакшы иштерге жарчы

     Кочкор районундагы И. Арабаев атындагы орто мектепте профсоюз уюмунун комитети 2015-2016 окуу жылы мугалимдердин коомдогу кадыр баркын көтөрүү боюнча, өзгөчө жаш кадрларды колдоо, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында отуз беш жашка чейин мугалимдердин арасында “ Мугалим - мугалимге” деген кароо сынагын өткөрүү боюнча өзүнүн иш планына киргизип иш алып барды. Мугалимдер активдүү катышып, кызуу талкуулар өтүп турду. Кароо сынак май айында жыйынтыкталды.

     Кароо сынактын жобосуна ылайык биринчи орунду ээлеген орус тили сабагынын мугалими Бостонкулова К. С. “ Ардак грамота”  жана 1500 сом сыйлыктуу болуп райондук билим берүү бөлүмүнүн жолдомосу менен областык “Жыл мугалими ” кароо сынагына катышып экинчи орунду ээледи. Ал эми экинчи орунду ээлеген сүрөт сабагынын мугалими Абакиров Н. Ж. 1000 сом, үчүнчү орунду ээлеген биология сабагынын мугалими Сманкулова Н. И. 500 сом менен сыйланышты.

    Профсоюз уюмунун комитети жана мектептин администрациясы акылдашып мыйзамдын чегинде биргелешип иштерди алыпбарганда,  мектеп  артыкчылыкка жетишет.

Турдубаева А. Б.

Кочкор районунун Кочкор айылындагы

И. Арабаев атындагы орто мектептин

 баштапкы уюмунун төрайымы