Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз “Жыл мугалимин” колдоду

“2021-жылдын Мугалими” кароо-сынагы Баткен районунда 2021-жылдын 22-23-апрель күндөрү Т.Мурзапаров атындагы орто мектебинде жыйынтыкталды. Сынакка 9 айыл өкмөтүнөн жеңүүчү болгон тогуз  мугалим   катышып күч сынашты. Натыйжада Газ орто мектебинин орус тили мугалими А.Курбанова 1-орунду, А.Жоробаев атындагы орто мектебинин  мугалими Абдилазизова 2-орунду, Ж.Байжигитов атындагы орто мектебинин  мугалими Ж.Заилова 3-орунду ээлешип диплом  жана  баалуу белектер менен  сыйланышты. Калган катышуучуларга райондук комитеттин баалуу белектери тапшырылды. Республикадагы санитардык-эпидемиологилык кырдаал мүмкүндүк берсе жай мезгилинде конкурстун бардык катышуучуларын Кыргызстандын кооз жерине эс алдырып келууну райондук  комитет  убада  кылды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райпроф комитетинин төрагасы А.Зайитов