Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз уюмдары үчүн «Онлайн-тест»

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2021-жылдын 10-февралында билим берүү тармагындагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн «онлайн-тест» кароо-сынагын өткөрдү.

Кароо-сынак райондук, шаардык комитеттердин көмөктөшүүсүндө областтык комитет тарабынан  Zoom платформасы аркылуу катышуучуларды онлайн көзөмөлдөө менен өттү. Жалпысынан 3 район, 3 шаардан 106 баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары катышып жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Кароо-сынакты өткөрүү максаты баштапкы уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү ченемдер, мыйзамдар боюнча маалымдуулугун арттыруу, профсоюз уюмдарынын мыйзамдуу укук, милдеттерин эске салып туруу, мотивация берүү жана укуктук билимдерин жогорулатуу болуп саналат.

Кароо-сынактын тесттик суроолору билим берүү жана профсоюз тармагындагы мыйзамдар, ченемдик укуктук актылардын негизинде областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков жана уюштуруу, укук иштери боюнча адис К.Акимов тарабынан түзүлдү. Тесттин акырында кайтарым байланыш үчүн катышуучулардын ой-пикири, сунуштары жана профсоюз ишин жакшыртуу боюнча көп комментарийлерди калтырышкан.

Тесттин жыйынтыгы боюнча алган баллына жараша  сынакка катышкан катышуучулар билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин баалуу белектери жана дипломдору менен сыйланат.


Уюштуруу, укук иштери боюнча адис К.Акимов