Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРОФСОЮЗ – СЕНИН КЕҢЕШЧИҢ, КОРГООЧУҢ ЖАНА КОЛДООЧУҢ!

2018-жылдын 19-ноябрь күнү Сүлүктү шаарынын Т.Рустамов атындагы №5-орто мектебинин маареке залында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык жана Сүлүктү шаардык комитетинин иш планына ылайык "Билим берүү кызматкерлеринин укуктук маданиятын жогорулатуу жана профсоюздук ишмердүүлүктөрүн активдештирүү" темасында билим берүү мекмелеринин жетекчилери жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинарга Баткен областтык комитеттин уюштуруу жана укук иштери боюнча адиси К.Акимов жана Баткен райондук комитеттин эмгекти коргоо жана техникалык инспектору А.Масалиевдер катышып, доклад окушту. ошондой эле Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.Кудаяров да доклад окуду.

Семинар абдан кызыктуу болуп, билим берүү кызматкерлери зарыл жана керектүү маалыматтарга ээ болушту жана оздорун кызыктырган ар тараптуу суроолоруна жооп ала алышты.
семинарда докладчыларга жана уюштуруучуларга ыраазы экендиктерин семинарды жыйынтыктоо анкеталарына жазып калтырышты.

К. Акимов доклад учурунда

А.Масалиев доклад окуу менен слайд көрсөтүүдө.

К.Кудаяров эмгек акы жана тарификациялоонун өзгөчөлүктөрү, тиешелүү укуктук ченемдик актылар боюнча баяндама берүүдө.

Семинардын катышуучулары кызыгуу менен угушуп, керектүү маалыматтарды жазып алууда

 

 

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик

бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети