Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз өнөктөштөр менен бирге гуманитардык жардамдарды уюштурууда

Профсоюз өнөктөштөр менен бирге гуманитардык жардамдарды уюштурууда

        Кыргызстандыктар бүткүл дүйнөлүк элге келген оор күндөрдү башынан өткөрүп жатабыз. Кыргыз Республикасынын Президенти, Парламенти,Өкмөтү бул кыйнчылыктардан чыгуунун чараларын көрүп иш алып барууда. Мындай оор шарттардан чыгууга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетиинин төрагасы Асылбек Токтогулович жетекчилик кылган профсоюздук лидерлер да өздөрүнүн аймактарында гуманитардык акцияларды өткөрүүшүп көмөктөшүүдө. Атап айтсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу- Суу шааркому(төрайымы Жураева Б.П.), Ноокен райкому (төрагасы Нышанов К.К.), Таш-Көмүр шааркому(төрайымы Эгизалиева Э.Ж.),Жалал-Абад шааркому (төрагасы Акунов К.Ж.), Кара-Көл шааркому(төрайымы Каракозиева А.К.), Аксы райкому (төрагасы Камчыбеков С.К.) райшаарлардагы шарттарына жараша билим берүү кызматкерлерине натуралай азык-туулук, акчалай жардамдарын системалуу турдө социалдык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурушууда. Аталган иш-чаралар уланып, Базар-Көргон райкомунун төрагасы Жаркынбаев Суюнбек Сариевич, өнөктөшүбүз райондун акими Козуев Бакыт Садыкович башчылыгында билим берүү кызматкерлерине жеринде жардамдарды уюштурууну башташты. Билим берүү кызматкерлери профсоюз лидерлерине жана социалдык өнөктөштөштөрүбүзгө ыразычылык билдирүү менен ушул сыноодон биргеликте, ынтымакта, биримдикте чыгып кетүүгө чакырышты.

 

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспекторуА.Айдаров.