Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз -мүчөлөрүнүн колдоочусу

          “2020-жыл –Региондорду  өнүктүрүү,  санариптештирүү  жана  балдарды колдоо  жылы”  иш-чараларынын   алкагында  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  республикалык,  облустук,  райшаардык  комитеттери  профсоюз  мүчөлөрүнүн балдарына камкордук  кылуу  жана  колдоо  акцияларын  уюштурууда.

         Аталган акция  2020-жылдын  1-октябры  күнү  Базар-Коргон  райкому  тарабынан  №31 А.Абдырахманов  атындагы  орто  мектебинде  өткөрүлдү.  Иш –чарага  Жалал-Абад  обкомунун  инспектору  А.  Айдаров, райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев, райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов  жана  мектептин  жамааты катышты.

        Обкомдун  инспектору  А .Айдаров  пандемия  шартында  Борбордук  Комитет,  обком,  райшааркомдор  тарабынан   илдетти  жеңүү  үчүн  жүргүзүлүп  жаткан  иштер  жөнүндө  кыскача  маалымат  берип, обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловдун  атынан  мугалимдерди  кесиптик  майрамы, карыялар  күнү  менен  куттуктады.

    Акцияда  мектептин  мугалими  Миргул  Алиеванын  уулу  Байзат  Аширбековту  Индияда  операция кылуу үчүн  материалдык  жардам  тапшырылып,  жакшы  каалоолор  айтылды.

         Мектептин  директору  Жамила  Адиева,  профкому Разыкан  Закирова  жана Миргул  Алиевалар ыраазычылыктарын   билдиришип,  проофсоюздук  жетекчилердин  иштерине  ийгиликтер  каалашты.

Келген  меймандар  мугалимдердин   кесиптик  майрамы  жана карыялар  күнү  менен  күттукташып,  жакшы тилектерин  билдиришти.

      Алдынкы  жаш  мугалимдерге  сыйлыктар   тапшырылды.                          Жамааттын  атынан  Б.  Калбутаева  сүйлөп, колдоолор  үчүн ыраазычылыгын  айтып  профсоюздук  иштерди  өркүндөшүн ,  мүчөлөрүн  ар  дайым  коргоп  дем  берүүсүн  тиледи.

Материалды  даярдаган: Обкомдун  инспектору-А.Айдаров.