Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРОФСОЮЗ, КЫЙЫН КЫРДААЛДА КОЛ СУНАТ.

ПРОФСОЮЗ, КЫЙЫН КЫРДААЛДА КОЛ СУНАТ.

Кыргызстандагы өзгөчө абалга байланыштуу азыркы учурда билим берүү кызматкерлери дистанттык окутууга өтүп иштеп жатышат. Мындай мезгилде профсоюз мүчөлөрүнө кол сунуп, аралыкта болсо да ахыбалдарын сурап туруу менен профсоюз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Баткен шаарынын профсоюз комитети, баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары менен биргеликте турмуш шарты оор профсоюз мүчөлөрүн аныктап, аларга шаардык профсоюз комитетинин эсебинен эн зарыл болгон күнүмдүк керектүү азыктардан даярдалган продукталар топтомун беришти. Ушундай күндөрдө биримдүү болуп, азын оолак болсо да көнүл көтөргөн проф.мүчөлөр тамак-аш азыктары менен камсыз кылган профсоюз уюмуна ыраазылыктары чексиз. Тамак –аш азыктары үчүн 30 профсоюз мүчөсүнө проф.бюджеттен 45000 сом каражат жумшалды.

 

 

 

Даярдаган М.Калыкова