Профсоюз кружокторун уюштуруу семинары
Панфилов райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан Чалдовар №2 жалпы билим берүү орто мектебинде "Профсоюз кружокторун уюштуруу” темасы боюнча райондук семинар - трениг өткөрүлдү.
Семинардын максаты: баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын билимдерин жогорулатуу, кесиптик бирликтин кыймылын жандандыруу менен кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктук, эмгектик жана социалдык кызыкчылактарын коргоо.
Семинар - тренингге райондун билим берүү кызматкерлеринин 34 баштапкы кесиптик бирликтеринин төрага, төрайымдары катышты.
Баштапкы кесиптик бирликтин төрага, төрайымдарына жыл ичинде мындай семинар – тренигдерди ар бир кесиптик бирлик уюмунда өткөрүү милдеттендирилди.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Панфилов райондук комитети