Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз кружокторун уюштуруу семинары

2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети менен өнөктөштөр биргеликте уюштурган “Профсоюз кружокторун уюштуруу” темасы боюнча семинар Жалал-Абад шаарында өттү.

Семинарга Борбордук комитеттин социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева, Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов жана жооптуу кызматкерлер, райшаардык комитеттердин төрагалары, эмгек инспекторлору, баштапкы кесипттик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

Семинарды обкомдун инспектору А.Айдаров ачып, меймандарды жана катышуучуларды тааныштырып, сөздү областтык комитеттин төрагасы А.Исмаиловго берди. Төрага семинардын ишине ийгиликтер каалап, профсоюз кружокторун уюштуруунун актуалдуулугу тууралуу маалымат берди. Аны менен катар Борбордук комитеттин социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун каалоо тилектерин жеткирип, “Профсоюз кружокторун уюштуруу” долбоорун эл аралык кызматташтыкта өнөктөштөр менен республикада ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу кыскача маалымат берди. Семинар Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогуловдун “Профсоюз кружокторун уюштуруу” деген видео тасмасын көрүү менен улантылды.

Семинарды программага ылайык тренерлер: областтык комитетттин инспектору А.Айдаров, Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев алып барышты. Семинарда  катышуучулар практыкалык иштерде тайпаларга бөлүнүп иштешип өздөрүнүн алган билимдерин көрсөтүштү.

Семинар Борбордук комитеттин социалдык-экономикалык бөлүмүн башчысы Н.Закиряева жана Жалал-Абад областтык комитеттин төрагасы А.Исмаилов тарабынан жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору А.Айдаров