Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Профсоюз кружокторун уюштуруу” долбоору Кочкор району жана Ысык-Көл областында

2023-жылдын 21-22-ноябрында КР Билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан "Кесиптик бирлик кыймылын окуу-кружоктору аркылуу активдештирүү” долбоору боюнча аймактык семинар Кочкор  району жана Ысык-Көл областында уланууда.

Семинарга КР Билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин борбордук комитеттиин жооптуу кызматкерлери, Кочкор жана Жумгал  райондук, баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага-төрайымдары жана кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү катышышты.

Семинар “Профсоюз кружокторун уюштуруунунун актуалдуулугу”,

“Профсоюздук кружоктордун иштерин уюштуруунун  уюштуруу-усулдук принциптери” ”Профсоюз кружогунун жетекчисинин ролу” жана “Профсоюз кружокторунун сабактарын даярдоо жана өткөрүү” темаларынынын алкагында өткөрүлүп  тиешелүү маалыматтар берилди.

Семинардын негизги максаты аймактардагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага-төрайымдарынын дареметин жогорулатуу, кесиптик бирликтин кыймылын жандандыруу менен кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктук, эмгектик жана социалдык кызыкчылактарын коргоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган семинар Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан Республиканын ар бир областында өткөрүү пландаштырылып, кийинки семинар Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында уланмакчы.

(Кочкор району)

(Ысык-Көл областы)

 

Маалыматты даяраган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети