Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Профсоюз кружокторун уюштуруу” долбоору Баткен областында

2023-жылдын 27-ноябрында КР Билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан "Кесиптик бирлик кыймылын окуу-кружоктору аркылуу активдештирүү” долбоору боюнча аймактык семинар Баткен областында өткөрүлдү.

Семинарга КР Билим жана илим кызматкерлеринин Кесиптик бирлигинин борбордук комитеттиин жооптуу кызматкерлери Баткен областындагы Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорундагы, Кызыл-Кыя, Баткен, Сүлүктү шаарларындагы баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрага, төрайымдары жана кесиптик бирлик уюмдарынын мүчөлөрү катышышты.

Семинарда “Профсоюз кружокторун уюштуруунунун актуалдуулугу”, “Профсоюздук кружоктордун иштерин уюштуруунун уюштуруу-усулдук принциптери”, “Профсоюз кружогунун жетекчисинин ролу” жана “Профсоюз кружокторунун сабактарын даярдоо жана өткөрүү” темаларынынын алкагында өткөрүлүп  тиешелүү маалыматтар берилди.

Семинардын негизги максаты аймактардагы баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага-төрайымдарынын дареметин жогорулатуу, кесиптик бирликтин кыймылын жандандыруу менен кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн укуктук, эмгектик жана социалдык кызыкчылактарын коргоо болуп саналат.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Баткен областык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси Гапарали уулу Мансур