Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз – биримдик жана тилектештик!

2022-жылдын 13-сентябрында Сүлүктү шаарында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитетинин демилгеси менен Кыргызстан профсоюздар федерацйиясынын окуу усулдук борборунуун Ош-Жалал Абад жана Баткен областтары боюнча тренери Ш.Сабиров тарабынан баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилерине семинар уюштурулду.

Семинардын максаты катышуучуларды профсоюздардын стратегиялык багыттары, негиздери, ресурстары, профсоюз ишмердигинде жүргүзүлүүчү иш кагаздар менен тааныштыруу. Кызматкерлердин эмгек жаатындагы укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмө берүү.  Профсоюздун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылык, актуалдуу суроолор, методикаларды талкуулап жыйынтыктарды чыгаруу болду.

Семинарга билим берүү квызматкерлеринен сырткары мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюз уюмдарынын төрага –төрайымдары катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров