Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Профсоюз-Билим берүү бөлүмү" иш-чарасы уюштурулду

2021-жылдын 3-мартында "Профсоюз-Билим берүү бөлүмү" лозунгу алдында биргелешкен методикалык жардам көрсөтүү иш-чарасы уюштурулду. Анда Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу, Токмок шаардык билим берүү кызматкерлерининпрофсоюзу жана Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү менен биргеликте мектептердин, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, балдардын, өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борборлорунун директорлору үчүн методикалык жардам көрсөтүу катарында "Билим берүу системасындагы жаңылануулар" деген темада семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинарда Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Наматов "Билим берүү жөнундө" мыйзамы,на киргизилген озгөртүүлөр боюнча, Токмок шаардык билим берүү кызматкерлерининпрофсоюзунун төрайымы Д.Жумалиева "Билим берүү уюму жөнүндө жобо" боюнча, Чүй-Токмок билим берүү бөлүимүнун аппараты Билим берүүнү өнүктурүү стратегиясы, иш планга озгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кеңири маалыматтар берилди, суроолорго жооп берилди жана талкуу иштери жүргүзүлдү. Семинардын материалдары электрондук вариантта бардык билим берүу мекемелерине таратылды. Семинардын жыйынтыгында семинарга катышкан директорлор жакшы маалыматтарга ээ болушкандыктары белгиленди.