Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРОФЛИДЕРЛЕРДИН ТАЙМАШЫ

           2017-жылдын  16-февралында Кочкор-Ата  шаарындагы  №15  Семетей  атындагы  орто  мектебинин  чогулуштар  залында  2017-жыл  «Ыйман,  адеп  жана  маданият  жылы» иш-чараларынын  алкагында  райондогу  94  баштапкы  кесиптик  уюмдардин  лидерлери, мектеп,  бакча директорлору, райКБКнын  коомдук  тескөөчүлөрү катышуусунда  «Ыймандуу, адептүү  инсан- маданияттуу  кызматкер»  темасында  профсоздук  иш-чара  өткөрүлдү.                                                                                  

          Иш-чаранын  1-бөлүгүндө 15-февраль күнү  болуп  өткөн Жалал-Абад  облустук  комитеттин  Президуму материалдары менен  райКБКнын  төрагасы  К.К. Нышанов  жана  райКБКнын  тескөөчүсү  А.Айдаров Борбордук  Комитет тарабынан   жарыялаган  «Тармакта адептүүлүк  жана укук  маданиятын   мыкты   уюштурган профсоздук комитет» урааны астындагы республикалык кароо-сынактын ЖОБОсу  менен тааныштырып,  алдындагы  милдеттерди баяндашты.

          2-бөлүгүндө «Ыймандуу, адептүү  инсан- маданияттуу  кызматкер»  темасында  Шайдан, Масы айыл  аймактарынын  профлиделеринин  катышуусунда  кароо-сынак  болуп  өттү. Кароо-сынакты  куттуктоо сөзү менен  райБББнун  башчысы  Б.С.  Козуев  жана  райКБКнын  төрагасы К.К. Нышановтор ачып  беришти. Кароо-сынакка ар  бир  аймактан  5 тен бир команда  болуп  катышышып, алар  төмөнкү  шарттарды  аткарышты:                                                                                               

1.Командалардын  саламдашуусу.                                                                                

2.Эмблемаларын  коргоо.                                                                                                  

3.Мыйзамдар  жана нормативтик –укуктук  документтер боюнча 4төн суроолорго жооптор.                                                                                                                                                        

4. Командалардын  капитандарынын  мелдеши- 1  ден  суроого  жооп.  

5.Үй тапшырмасыырмасы-Берилген  маселе  боюнча  кесиптик  уюмдун  чогулушунун токтомдорун  даярдоо.  

   Кароо-сынакты коомдук  тескөөчүлөрдөн  турган  калыстар  баалашты. Суроолор  жана  жооптор жаӊы  технологиялар  менен берилди. Жыйынтыгында  Шайдан-80 балл, Масы-76 балл топтошту.

   Бул  кароо-сынак улантылып,  дагы 6 команданын  катышуусунда апрель,  июнь,  сентябрь  айларында өткөрүлүп, жыйынтыгы  «19-октярь -Социалдык  жана  профсоюз  кызматкерлеринин  күнү»  майрамына  карата  чыгарылат. Иш-чара жөнүндө  катышуучулар  пикирлерин  жана  баалуу сунуштарын билдиришты.

Материалды  даярдаган: Ноокен  райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.