Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профлидерлер менен жолугушуу

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов жана жооптуу кызматкери А.Ч.Айдаров кесиптик  бирликтин Таш-Көмүр  шаардык комитетинин профлидерлери менен жолугушусу болуп өттү. Жолугушууда А.Исмаилов төмөнкүлөр боюнча кеңири маалымат берди.

1.Областта билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин пленумунун (09.01.2024-жыл) токтомдорун ишке  ашыруу тууралуу;

2.Кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинин кезексиз пленуму (13.01.24-жыл) жөнүндө;

3.Баштапкы кесиптик уюмдардын бюджет боюнча иштерин уюштуруу тууралуу.

Берилген суроолорго ынанымдуу жооптор берилди. Иштиктүү маектешүүнү улантып, Жалал-Абад обкомунун инспектору А.Айдаров төмөндөгү усулдук материалдарды баяндады.

1.Аймактык жана  баштапкы кесиптик  уюмдардын башкаруу органдарын түзүү;

2.Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо жана эс алууларын уюштуруу тууралуу.

Устав жана жоболордун негизинде профлидерлердин суроолоруна  жооптор берилди. Жолугушуу кызыктуу жана мазмундуу өттү.

 

 

Маалыматты даярдаган: А.Айдаров - кесиптик  бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин инспектору