Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профактив менен жолугушуу

2024-жылдын 5-февралында билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов Ноокен районунун профактиви менен жолугушту.

Иш чарага Ноокен райБББнүн башчысы Н.К.Олжобаев, кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.К.Нышанов, президиум мүчөлөрү, баштапкы уюмдардын төрагалары катышты.

Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов кесиптик бирликтин уюмдарында жүрүп жаткан реформалар, кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин пленумунун (09.01.2024-жыл) токтомдорун ишке ашыруу, райондо өнөктөштүк иштеринин мыкты жолго коюлгандыгы тууралуу кеңири маалымат берди.

2023-жылда өткөрүлгөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө “Кесиптик бирликтин  Жалал-Абад областтык комитетинин  мыктысы” төш белгилери жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлык ээлери кесиптик бирликтин жетекчилерине ыраазычылыгын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: А.Айдаров-Жалал-Абад ОПКнын инспектору