Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРЕЗИДИУМДУН ТОКТОМУ КЫЗУУ КОЛДОО ТАПТЫ

       Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим  кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин  Борбордук Комитетинин тармак ичинде «2017-жыл-Ыймандуулук жана укуктук маданият жылы» деп жарыяланышы Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Аксы райондук комитетине караштуу баштапкы уюмдарда кызуу колдоо тапты.

        Бүгүнкү күндө дээрлик бардык баштапкы уюмдарда Борбордук комитеттен президиумунун токтомун кеӊири талкуулап, «2017-жыл-Ыймандуулук жана укуктук маданият жылы» деп тармак ичинде жарыялангандыгын жактыруу менен кабыл алышты жана бул боюнча кароо сынактарга активдуу катышууну алдына максат коюп, иш пландарды түзүшүп, билек туро шымалана киришти.

      Сөзүбүзгө  дал  катары райондогу  Н.Мешков  атындагы  №34 орто жалпы билим берүү гимназия класстары  бар  мектептин кесиптик бирлигинин жамааты бир нече багыттан турган иш мерчемдерди түзүп алышып, аны ырааты менен турмушка ашырып келишүүдө.

      Мисалы :мектептин профсоюз комитетинин турмуш тиричилик комиссиясы айлана  тегеренин корктондуруу жана жашылдандыруу максатында «Эӊ мыкты класс», «Эӊ мыкты мугалим», деген номинацияларга конкурс жарыялап мелдеш уюштурулган. Ошондой эле айылда  жашаган адамдарга мугалимдер өздөрүнүн маданияттуулугун көрсөтүп, өзү жашаган үйлөрүнүн айлана тегерегин тазалап,корктондуруу жана жашылдандыруу боюнча да «Үлгүлүү  үй»деген номинациялар уюштурулган.Натыйжада мектептин айлана тегерегин көрктөндүрүү боюнча «Эӊ кооз участка», номинация  боюнча  I-орунду 11-класс, II-орунду 10 –а-класс, III-орунду  10-б-класстар жеӊип алышты. Ал эми «Үлгүлүү  үй» деген конкурс боюнча I-орунду орус тили мугалими С.Г.Москиевна,  II-орунду Айтакунова,   III-орунду Абдырахмановалар жеӊип алышты.

      Ал эми маданий массалык комиссиясы тарабынан «Нооруз» майрамына карата «Эӊ чебер аткаруучу» конкурсу жарыяланып жыйынтыгы «Нооруз» майрамына карата чыгарылды. Ошондой эле «2017-жыл-Ыймандуулук жана укуктук маданият жылынын» алкагында  спорттук мелдештер, ар кандай окуулар, семинарлар, тренингдер жана жолугушуулар пландаштырылган. Жакында мектеп жамааты улуттун улуу күнүнө карата буудай өндүрүшүп, суүмөлөк жасашып, мал союп түлөө  өткөрүштү. Бул самаалыкта мектепте  кырк, элүү жылдан ашык  эмгектенишкен  ардагер мугалимдерди чакырышып сый көрсөтүштү. Мектепте көп жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, директор болуп иштеп, бүгүнкү күндө  ардактуу эс алууда жүргөн ардагер мугалим  Т.Исабеков өмүрүнүн  элуүү  жылдан ашыгын жаш жеткинчектерди окутуп тарбиялоого арнаган  ардагерлер А.Колокбаева, М.Карарбалаевдер  чыгып мектеп жамаатынын жасаган иштерине ыраазычылык билдирип, бата –дубаларын беришип, улуу муундардын ишин татыктуу улантып жаткан кесиптештерине ыраазы болушту жана ушул мектепте эмгектенгенине, артында жакшы муунду калтырышканына сыймыктанарын айтып, мындан ары да талыкпай эмгектене беришин каалашты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин  Борбордук Комитетинин президиумунун токтомун колдоп кубатташты.

 

Билим берүү, илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин

Аксы райондук комитетинин төрагасы:     С.Камчыбеков.