Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ПРЕЗИДИУМДУН 2017-ЖЫЛДАГЫ АКЫРКЫ ОТУРУМУ

    Баткен РКПнын Презииумунун акыркы отуруму 28-декабрда Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы менен биргеликте балдар чыгармачылык үйүндө өттү. Жыйындын кун тартибине РКП тарабынан төмөнкү маселелер сунуш кылынып каралды:

-  Т.Садыков, Ш.Ганы атындагы, Рават орто мектептеринде, “Балажан”, “Жеткинчек”, “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кызматкерлердин эмгегин тарификациялоонун жана кызмат акы төлөөнүн абалы жөнүндө.

-   2017-жылдагы мыкты социалдык өнөктөштөрдүн жана мыкты балдар бакчаларынын кароо-сынактарынын жыйынтыктары жөнүндө.

Биринчи маселе боюнча РКПнын эмгек жана укук боюнча адиси А.Масалиев билидирүү жасады.

Экинчи маселе боюнча РКПнын төрагасы Т.Жумаев жана райБББнын башкы адиси О.Мажилимовдор билдирүү жасашып, «2017- жылдын мыкты социалдык өнөктөшү-мектеп жетекчилиги», «2017-жылдын мыкты социалдык өнөктөшү -  кесиптик бирлик уюму», “Мыкты балдар бакчасы-2017” райондук кароо-сынактарынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат беришти. Жеӊүүчуүлөргө дипломдор жана сыйлыктар РПКнын кенейтилген президиумунда 2018-жылдын январь айында тапшырыла тургандыгы маалымдалды. 

 

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                                        Б.Абдыразакова