Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиумдун жыйыны өткөрүлдү

 

Жакында Түп районундагы билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары менен райондук профсоюз комитетинин президиумунун жыйыны өткөрүлдү. Жыйында төмөндөгү маселелер каралды:

1.2020-жылдагы райондук профоюз комитетиндеги финансылык-чарбалык иш-аракеттердин аткарылышы.

2.Билим берүү уюмдарындагы баштапкы кесиптик бирликтерде "Нооруз-2021" маданий иш чарасынын уюштурулуп, өткөрүлүшү жөнүндө.

Каралып жаткан маселелер боюнча жыйындын катышуучуларына райондук профсоюз комитетинин текшерүү комиссиясы кеңири маалымат берди. Ошондой эле баштапкы профсоюз уюмдарында  Нооруз майрамына  карата өткөрүлгөн маданий массалык иш чаралардын  жыйынтыгы боюнча пикир алышуулар болоду жана каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынды.

 

 

 

Материалды даярдаган: Түп райпроф комитетинин төрагасы М.Сыдыков