Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиумда – 2016-жылдын жыйынтыгы

      Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин кеңейтилген президиуму Балдар чыгармачылык үйүнүн жыйындар залында 2017-жылдын 25-январында болуп өттү. Президиумга райондук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин облустук кеңешинин жана облустук комитеттин төрагалары, раймамадминистрациянын башчысы-акимдин орун басары, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору, билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.

Райондук комитеттин Президиумунун күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

1.Райондук комитеттин билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдуу укуктарын жана эмгегин коргоо боюнча 2016-жылда аткарган иштери жана 2017-жылдагы милдеттери жөнүндө.

                                        Баяндамачы Т.Жумаев – РКПнын төрагасы

2.Райондук комитеттин 2017-жылдагы иштеринин планын бекитүү жөнүндө.

                                       Баяндамачы  О.Мажилимов– Президиум мүчөсү

3.Райондук комитеттин 2017 – жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө.

                                        Баяндамачы Ү.Тажибаев – эсепчи 

4.2016-жылдагы мыкты социалдык өнөктөштөрдү жана мыкты мектепке чейинки  билим берүү мекемелерин сыйлоо.              

                                        Баяндамачы Б.Абдыразакова –РКПнын жетектөөчү адиси

5.  «2016-жылга «Позиция профсоюза»  жана «Мугалимдер дүйнөсү» гезиттерине жазылуу   жөнүндө.  

Баяндамачы  Г.Жолдошбаева – маданий-массалык

                                               комиссиянын төрайымы

 

     Президиумда биринчи маселе боюнча баяндаманы  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы Т.Жумаев жасады.

     Жарыш сөзгө чыккандар райондук комитеттин 2016-жылда аткарган иштериндеги ийгиликтер жөнүндө айтышып, чечилбей жаткан көйгөйлөр жөнүндө өз сын-сунуштарын, каалоо-тилектерин билдиришти. Кесиптик бирликтин  облустук кеңешинин төрагасы А.Казаковдун, тармактык облустук комитеттин төрагасы З.Бөтөкөвдун, раймамадминистрациянын башчысы – акимдин орун басары К.Кыдырованын ж.б. чыгып сүйлөгөн кесиптик бирлик активисттеринин, директорлордун сөздөрүндө билим берүү кызматкерлеринин укугун коргоодо учурда республикада, облуста жана райондо аткарылып жаткан иштер, чечүүнү талап кылган көйгөйлөр жана алдыдагы милдеттер курч коюлду.

     Райондук комитеттин 2016-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылып, тиешелүү токтом кабыл алынды.

     Ошондой эле райондук комитеттин 2017-жылдагы иштеринин жана бюджетинин долбоорлору каралып, алымча-кошумчалар менен бекитилди.

 

 

Билим берүү  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                                 Б.Абдыразакова