Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум өткөрүлдү

2019-жылдын 8-февраль күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өтөрүлдү.

Анын ишине президиумдун мүчөлөрүнөн тышкары 2018-жылда тармактык профсоюзда өткөрүлгөн кароо-сынактын облустук турунун жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлегендер чакырылып, алар Жобого баалуу белектер менен ылайык сыйланды.

Жеңүүчүлөрдү обкомдун төрагасы  А.Исмаилов куттуктап, Борбордук Комитет тарабынан системалуу түрдө уюштурулуп келе жаткан кароо-сынактар тармактык профсоюздун бардык деңгээлдеги уюмдарында жоопкерчиликти көтөрүүгө, мүчөлөрдүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө жер-жерлерде өнөктөштүктү өркүндөтүүгө өбөлгө, шарт жаратып жаткандыгын көрсөткүчтөр менен тастыктап (слайддар аркылуу) маалымат берди. Бир топ жылдардан бери облустун өкүлдөрү кароо-сынактын республикалык турунда  байгелүү орундарды ээлеп келе жаткандыгын белгиледи.

Төрага мындан ары да алдыга бийик максаттарды коюп, иштиктүү аракеттерди жасап, демилгелүү иштөө – негизги милдет экендигине өзгөчө басым жасады.   

Төмөндөгүдөй күн тартиби бекитилди.

  Күн тартиби:

  1. “2018-Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюздук комитети” кароо-сынагынын облустук турунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө.
  2. Обкомдун 2019-жыл үчүн графикалык планын бекитүү жөнүндө.
  3. Обкомдун 2018-жыл үчүн сметасынын аткарылышы жана 2019-жылына долбоор жөнүндө.
  4. Райшааркомдор, обкомго түз баш ийген уюмдардын аткарган иштери жөнүндө (жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде).
  5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйлоого сунуштама жөнүндө.Борбордук Комитеттин президиумунун (2018-жылдын    26-декабрындагы) токтомдорун ишке ашыруу (реализациалоо) жөнүндө.

6.1. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата “2019-жыл тармактык райондук,шаардык,ЖОЖ жана баштапкы уюмдардын профсоюздук комитеттеринин социалдык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулук жылын» облуста өткөрүү (обкомдун иш-чараларын бекитүү) жөнүндө.

6.2. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин (2018-жылдын 26-декабрындагы) президиумунун токтомдорун ишке ашыруу жөнүндө.

6.3. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасынын эстелик кол сааты жөнүндө.

6.4. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Республикалык VI сьездинин чечимдерин, Пленумдарынын жана обкомдун Пленумдарынын токтомдорун ишке ашырууда райшааркомдордун, обкомдун аткарган иштери жөнүндө.

     7. Ар түрдүү маселелер.

Обкомдун 2019-жылга графикалык иш-планын бекитүү боюнча обкомдун төрагасы А.Исмаилов билдирүү-маалымат жасады (иш пландын долбоору алдын ала президиумунун мүчөлөрүнө жана төрагаларга электрондук варианты жеткирилген).

Иш план боюнча профсоюздун Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраилов, Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев, Чаткал райкомунун төрагасы Ы.Кудайбердиев, обкомдон А.Бегматов, А.Айдаровдор Сунуш пикирлерин билдиришти.

Тиешелүү толуктоолордон кийин иш план кабыл алынды.

Обкомдун 2019-жылдагы сметасынын аткарылышы жана 2019-жылга профсоюздук бюджетинин долбоору жөнүндө финансы бөлүмүнүн башчысы З.Сулайманов билдирүү жасады.

Билдирүү талкуулардан, тактоолордон кийин кабыл алынып бекитилди. Бул маселеге президиум мүчөлөрү жана төрагалар активдүү катышышты.

Катышкандардын сунуш, пикирлери эске алынды.

Күн тартибиндеги 2018-жыл ичинде обком,райшааркомдор,обкомго түз баш ийген баштапкы уюмдары тарабынан аткарылган иштерге (обком тарабынан жыл ичинде жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде) анализ жасалды. Бул маселе боюнча обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов билдирүү жасады.

Алгылыктуу иштер жана  айрым кетирилген мүчүлүштүктөр  белгиленип, аны оңдоонун жолдору жөнүндө токтом кабыл алынды.

Кыргыз Өкмөтүнүн Ардак Грамотасына сыйлоо боюнча сунуштама каралып бекитилди.

Андан Борбордук Комитеттин президиумунун (2018-жылдын  26-декабрындагы,) токтомдорун турмушка ашыруу (реализациялоо) жөнүндө обкомдун төрагасы А.Исамаилов кеңири сөз сүйлөп, тааныштырды.

БКнын,Обкомдун иш-чараларын жетекчиликке алып, бардык райшааркомдордо   жергилдиктүү шартка жараша иштерди жүргүзүүнүн механизмдери түшүндүрүлдү.

Күн тартибиндеги каралган меселелер боюнча конкреттүү токтомдор (айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен) кабыл алынды.

Токтомдор аткаруу үчүн бардык денгээлдеги профсоюз уюмдарына сунушталды.

Президиумдун ишин төрага А.Исмаилов алып барды жана жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

 

 

Обкомдун пресс-катчысы

М.Абдыкадырова