Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум онлайн форматында өттү

2021-жылдын 16-апрелинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун кеңешмеси онлайн форматында өттү. Анда президиум мүчөлөрү, райшааркомдордун төрагалары, обкомдун жооптуу кызматкерлери катышышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук VII конференциясын чакыруу жөнүндө.

2. VII конференцияга делегаттарды, обкомдун жана текшерүү комиссиясынын курамына квоталарды бекитүү жөнүндө.

3. VII конференцияны даярдоо жана өткөрүү үчүн обкомдун иш-чарасын бекитүү жөнундө.

4. Ар түрдүү маселелер.

Президиум кеңешмеси күн тартибиндеги маселелер боюнча тийиштүү токтомдор кабыл алды.

 

Маалыматты даярдаган: обкомдун инспектору А.Айдаров