Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областык комитетинин кезектеги кеңейтилген Президиумунун отуруму болуп өттү. Анын ишине Президиум мүчөлөрү жана кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери катышты. Күн тартибинде төмөнкүдөй маселелер каралды:

  1. Алай, Кара-Кулжа , Чоң-Алай райондорунун жана ОшМУнун билим берүү кызматкерлеринин эмгек өргүүсүн уюштуруу, укуктуулукту, эмгекти коргоо, коопсуздукту сактоо жана кесиптик бирликтин бюджети жөнүндө.
  2. Тоолуу жана алыскы аймактарда айкалыштырып иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөрдүн төлөнүшү .
  3. Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден-соолуктарын чыңдоо жана жайкы эс алууларын уюштуруу жөнүндө. Каралган маселелер кеңири талкууланды.

Кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгарууну жана тоолуу аймакта айкалыштырып иштеген кызматкерлердин кошумча төлөмдөрү жөнүндө кесиптик бирликтин райондук, шаардык, жогорку окуу жайлардын комитеттеринин төрага, төраймыдарына көрсөтмөлөр берилди.

Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн эс алуусун уюштуруунун графиктери бекитилди, Кыргызстандагы жана жергиликтүү жаратылышы кооз жайларага эс алдырууну өз деңгээлинде уюштуруу кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилерине милдеттендирилди.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областык кесиптик бирлик комитети