Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Президиум болуп өттү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин Президиуму болуп өттү. Президиумга жалпы билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдары жана президиум мүчөлөрү катышышты.

Президиумдун биринчи бөлүгү сыйлоо аземи менен башталды. 2018-жылдын жыйынтыгы менен “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн баалуу белектер менен сыйлашты. Шаардык турунда биринчи орунду ээлегендиги үчүн Ж.Бакиев атындагы №3 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы Алтынай Джумабаеваны жана №17 “Каакым” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Гулнара Кудайбердиеваларды   Шааркомдун төрагасы Кеңешбек Акунов белектерди тапшырды.

Президиумдун экинчи бөлүгүндө 2018-жылдын жыйынтыгын чыгарып 2019-жылдын иш планын талкуулап бекитишти. Президиум төрагасы К.Акунов массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштөөнү жана жаш адистерди профсоюзга тартуу боюнча сөз сүйлөп, жаш профсоюздардын иш тажрыйбаларын алмаштыруу боюнча баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына сунушун айтты. Ошондой эле “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата 2019 – жыл – тармактын райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин  социалдык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулук жылы” деп Борбордук Комитет тарабынан жарыялангандыгын айтып, баардык баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдарына активдүү катышуусун айтып өттү.

 

 

-----------------------------------

Маалыматты даярдаган:

Шааркомдун уюштуруу иштери боюнча адиси

Максат Мамасыдыков