Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Президент сүйлөйт”

    Чүй облусунун Кемин районунун билим берүү    мекемелеринде      Республикалык алкактагы “Президент сүйлөйт” интеллектуалдык таймашы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган жобонунун негизинде  болуп өттү.

     Таймаштын  максаты: Ар бир мектептин лидерин (президентин) чоң  аренага алып чыгуу менен катар өз ой пикирин так, даана жеткирүүгө үйрөтүү, алардын мекенчилдик сезимин ойготуу. Аларды туура жолго үндөө, аң сезимин өстүрүү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, дүйнөгө болгон көз карашын туура калыптандыруу.  . (2мүнөт)

     «Президент сүйлөйт» интеллектуалдык таймашы жобонун негизинде райондук деңгээлде Кемин районунунда 2017-жылдын 3-апрелинде саат.10.00дө Н.Давлесов атындагы Кемин № 3 орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Кароо-сынакка жобо боюнча мектептин президенттери катышты. Катышкан мектептер:Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 орто мектеби, Т.Абдумомунов атындагы Жаны-Алыш орто мектеби, М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектеби, Орловка № 2 орто мектеби, К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектеби, Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектеби,  Б.Солтоноев атындагы Тегирменти орто мектеби, А.Акаев атындагы Кызыл-Байрак орто мектеби.

       Жыйынтыгында 1-орунду К.Шаболотов атындагы Кара-Булак орто мектебинин окуучусу Турсуналиева Айсейил, 2-орунду Ж.Садыков атындагы Кемин № 1 орто мектебинин окуучусу Айбекова Айжамал, 3-орунду М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектебинин окуучусу Асанбекова Алтынай, 4-орунду Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин окуучусу Рысбекова Айдана ээледи. Жогорудагы орун алган мектептердин президенттери облустук турга жөнөтүлөт.