Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Предметтик олимпиаданын райондук этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды

2021-жылдын 23-март күнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында предметтик олимпиаданын райондук этабынын жыйынтыктары боюнча окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер сыйланды.

Анда Ноокен районунун акими А.Осмонов, социалдык маселелер боюнча орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышышты.

Жетекчилер окуучуларга каалоо-тилектерин айтышып, ийгиликтерди каалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 1,2,3-орундарды ээлеген жана активдүү катышкан 51 окуучу дипломдор, китептер жана грамоталар менен сыйланышты.

Ал эми окуучулары областтык турга жолдомо алган 11 мугалим Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкому тарабынан белектер менен сыйланышты.

 



Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров