Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Предметтик олимпиада

2021-жылдын 24-25-февралында окуучулар арасында предметтик олимпиаданын райондук туру жалпы республика боюнча болуп өттү. Ошол олимпиадада ар бир предмет боюнча окуучулардын иштерин атайын предметтик комиссия карайт экени маалым. Ал предметтик комиссиянын курамын түзүүдө райондук билим берүү кызматкерлеринин саны жетишпей, райондогу мектептердеги алдыңкы мугалимдерди комиссия курамында иштетүүгө тартышаары белгилүү.  Билим берүү тармагындагы бардык массалык жана маданий иш чараларга райондук профсоюз комитети четте калбай, мугалимдерди жакындан колдоп келишет. Быйылкы 2021-жылда өткөрулгөн предметтик олимпиаданын райондук турунда биринчи жолу комиссияда иштөөгө тартылган 32 мугалимдин ар бирине 300 сомдон кошумча эмгек акы жана андан сырткары 2 күндүк ысык тамагы уюштурулуп берилди. Мындан сырткары олимпиаданын областык туруна бара турган мугалимдерге колдоо көрсөтүү райондук профсоюз комитети тарабынан пландалууда, ошону менен бирге мындай иш чараны жылыга колдоо ылайк деп табылды.

 

Материалды даярдаган: Тоң райондук профсоюз комитетинин төрагасы Урманбетов Н.А.