Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Предметтик олимпиада өткөрүлдү

2021-жылдын 24-25-март күндөрү мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын областтык этабы Кадамжай шаарындагы Семетей лицейинин базасында өткөрүлдү.

Кызыл-Кыя шаарынан шаардык олимпиаданын 24 жеңүүчүлөрү областтык олимпиадага катышып, алардын ичинен А.С.Пушкин атындагы №4 орто мектебинин жана Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектептеринин окуучулары 1-2-орундарды ээлешип, Республикалык олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Бул окуучулар орус тили жана адабияты предметинен Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектебинин мугалимдери С.М.Богданова жана Ж.А.Карабаева, ал  математика предметтеринен А.С.Пушкин атындагы №4 орто мектебинин математика мугалими, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Ү.Н.Абдиевалар тарабынан даярдалып, олимпиаданын областтык этабында тереңдетилип окутулган лицей, гимназиялардын окуучулары менен тең атаандашуу менен ийгиликке жетишти.

 

Бул окуучуларды даярдаган орус тили жана адабияты мугалимдери С.М.Богданова, Ж.А.Карабаева жана Ү.Н.Абдиеваларга областта Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүү сапатынын,  мыктылыгын көрсөтүүгө кошкон үлкөн салымы үчүн жалпы шаар мектептеринде эмгектенген мугалимдер атынан ыраазычылык билдирүү менен бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштерине чыгармачылык изденүү коштогон ийгиликтерди каалап, мектеп окуучуларынын республикалык этабында да байгелүү орундарды ээлеп, Баткен областынынын мектептеринде билим берүү мыкты деңгээлде берилип, окуучуларыбыз дүйнөлүк деңгээлдеги билим алып жатышкандыгын дагы бир жолу далилдеп келүүлөрүнө тилектешпиз!

Ийгиликтер коштосун Сиздерди, урматуу биздин сыймыгыбыз болгон Сагадат Мусахановна, Жумагүл Абжуманапповна жана Үмүт Нуралиевна!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Материалды даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун
Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова