Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум ийгиликтүү аяктады

Жакында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин пландуу V пленуму өз ишин ийгиликтүү аяктады.

       Пленумга обкомдун мүчөлөрүнөн башка мамлекеттик бийликтин, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылды.

       Күн тартибине «Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук, райондук, шаардык, баштапкы уюмдардын тармактык профсоюздун Республикалык VI  съездинин (20.05.2015 Бишкек ш.) чечимдерин турмушка ашыруу боюнча кечиктирилгис милдеттери жөнүндөгү» маселе коюлду.

        Облустук комитеттин пленумдардын аралыгында жүргүзүлгөн бараандуу иштер жөнүндө төрага К.Мурзакматовдун мазмундуу баяндамасы (слайддар менен коштолуп) угулду.

        Баяндамадан соӊ 8 катышуучу жарыш сөзгө чыгышып, аткарылып жаткан алгылыктуу иштерди белгилешип, ошол эле учурда орун алган айрым мүчүлүштүктөрдү көрсөтүшүп, аны четтетүүнүн конкреттүү жолдорун сунуш кылышты.

        Айрыкча, чыгып сүйлөгөндөрдүн ичинен профсоюздун Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраиловдун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттер профкомунун төрайымы Айтбек кызы Нурайымдын, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүгүнүн бөлүмүнүн башкы адиси Э.Бөрүбаевдин сөздөрү профсоюздук кыймылды өркүндөтүүгө, эмгекчилердин социалдык- экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоодо күжүрмөндүүлүк менен аткарылып жаткандыгы белгиленди.

        Маселени талкуулоонун жүрүшүндө айтылган омоктуу ойлорду камтыган V пленумдун токтому кабыл алынды.

           Токтом аткаруучуларга жеткирилип, жүзөгө ашыруу жагын көзөмөлдөө обкомдун президиумуна тапшырылды. Соӊунда катышуучулар пленумдун иштиктүү жагдайда өткөндүгүн белгилешти.

        Пленумдун ишин обкомдун төрагасы К.Мурзакматов алып барып, жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү