Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум болуп өттү

    19-октябрь күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Кемин райондук комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга  Билим илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Кемин райондук Комитетинин Пленумунун мүчөлөрү жана мектеп директорлору,Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Пленумда каралуучу маселе:
1. Кыргыз Республикасынын"Эмгек мамилелеринин жөнгө салууда социалдык өнөктөштүк" мыйзамынын чегинде  райондогу  билим берүү мекемелерине социалдык,экономикалык жактан    коргоо маселеринин аткарылышы.
2.Билим  жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Кемин райондук комитетинин текшерүү комиссиясынын маалыматы
3.Билим жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Кемин райондук Комитетинин типтүү жобосун иштеп чыгуу маселелери коюлду.                

     Кыргыз Республикасынын "Эмгек мамилелерин жөнгө салууда социалдык өнөктөштүк" Мыйзамынын чегинде 2016-жылы Кемин районуна караштуу 13 айыл өкмөтүнүн эсебинен мугалимдер үчүн 1.650.000 сом акча каражаты коммуналдык жактан жардам көрсөтүлгөн. 13 мектепте аристондор орнотулган. Айыл өкмөттөрүнүн эсебинен мектепге  ар түрдүү чыгымдарга акча каражаты төлөнүп берилет.
     Пленумдун мүчөлөрү  Билим  жана илим кызматкерлеринин кесип  бирлигинин текшерүү комиссиясынын  маалыматын угуп, билим кызматкерлеринин кесип бирлигинин  Кемин райондук комитетинин текшерүү комиссиясынын  маалыматын бекитти.
     Билим жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Кемин райондук комитетинин  типтүү жобосу кенири талкууланып бекитилди
Пленумдун акырында  кесип бирлигинин төрайымдарын кесиптик майрамы менен куттуктап ,алдынкы профсоюз комитеттеринин  мүчөлөрүнө Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын  Ардак Грамотасы жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесип бирлигинин Кемин райондук комитетинин Ардак Грамотасы тапшырылды.


Чылабаева Айсалкын