Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум өткөрүлдү

Ош  областтык  профсоюз  комитети  кезекдеги  Пленумдун  2020-жылдын  11-февралында  өткөрдү.  пленумда  областтык  комитеттин  мүчөлүрүнүн  айрымдары  башка  ишке өткөндүгүнө  байланыштуу, комитеттин  мүчөлүгүнөн  чыгаруу  жөнүндөгү  арыздарына ылайык  чыгарып, алардын  орундарына  райшаар, окуу  жайлардын  сунуштарына ылайык  жаӊы мүчөлөр шайланышты.

Күн тартибиндеги  профсоюздун ишмердүүлүгүн  жогорулатуунун  негизги багыттары  жана  жолдору жөнүндө  төрага  С.Тойгонбаев  баяндама  жасап, суроолорго жооп берди. Баяндама  боюнча  жарышуу сөзгө  чыгып сүйлөгөн  активистер  өнөктөштөр менен алаканы  жакшыртуу, кызматкерлердин  ден-соолуктарын чыӊдоого, балдарды колдоо  жылына  карата  балдардын жайкы  эс алуусун уюшкандыкта  өткөрүүгө,  жатак мектептерде,  ушул өӊдүү  балдар бакчаларда  иштеген  мугалим, тарбиячыларга  өзгөчө  көёүл бурууга токтолушту.

Кийинки маселелер да каралып Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлер  профсоюзунун VII сөездине    делегаттарды шайлашты  жана  Борбордук  комитеттин  мүчөлүгүнө  мүчөлөрдү сунушташты.

 

Ош ОПК