Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин Пленуму болуп өттү. Ага Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, кесиптик бирликтин чакырылган төрагалары жана райондук комитеттин аппаратынын кызматкерлери катышты.

Пленумда “Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин 2023-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө” маселе каралды жана ал боюнча райондук комитеттин төрайымы Н.Тажибаева кеңири билдирүү жасады.

“Жылдын мыкты мугалими -2023” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Кеңеш кызы Айпериге Дубайга эс алып келүүгө жолдомо берилип, алдыңкы профактивистерге  ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

 

Райондук, областтык олимпиадада окуучулары ийгилик 40 мугалимге чет мамлекетке эс алууга жолдомо берүү каралды.  

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитети