Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум болуп өттү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитетинде Пленум болуп өттү.

Ага Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектор Э.Т.Ажиматов, башкы эсепчи Б.К.Абдыкалыков жана Алай районунундагы Пленум мүчөлөрү катышты.

Пленумдун күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды: 

  1. Пленум мүчөлөрүнүн курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
  2. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Алай райондук комитетинин 2023-жылдагы жүргүзгөн иштери жана 2024-жылдагы милдеттери (баяндамачы А.К.Абдыкадыров);
  3. Ар түрдүү маселелер

Күн тартибиндеги маселелер талкууланып, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Алай райондук комитетинин жыл ичиндеги жасаган иштери канааттандыраалык деп табылып Пленумдун токтому бир добуштан кабыл алынды.

Жыйынтыгында, кызмат ишин так жана натыйжалуу аткарган кызматкерлерге Ош областтык жана райондук кесиптик бирлик комитетеринин Ардак грамота, баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Алай райондук комитети