Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пленум болуп өттү

2021-жылдын 4-июнь күнү Ноокен районунун Момбеков айылындагы №17 “Кыла” орто мектебинин базасында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин 1-Пленуму болуп өттү. Пленумга райондук комитеттин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү, ардагер мугалимдер жана баштапкы кесиптик уюмдун төрагалары катышышты.

Пленумдун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
1. Билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечилишиндеги Ноокен райондук комитети жана социалдык өнөктөштөрдүн биргелешкен иш аракетери менен 2020-жылда аткарылган иштер жөнүндө.
2. Билим берүү мекемелериндеги эмгекти коргоо коопсуздукту камсыздоо багытында жүрүп жаткан иштер;
3. Ар түрдүү маселелери.

Пленумдун жүрүшүндө билим берүү тармагында көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген жана азыркы учурда ардактуу эс алуудагы билим берүү кызматкерлери Ноокен районунун “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси жана белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров