Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык жамааттар менен жолугушуу

    2017-жылдын 13-апрелинде Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, бөлүмдүн башкы адиси Ш.Тажидиновалар Багыш айыл өкмөтүнө караштуу “Күн-Нуру” мектепке чейинки билим берүү уюмунда болушуп, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “2017-жыл – тармактагы адептүүлүктү жана укукту маданиятты жогорулатуу жылында” аткарылып жаткан иштер менен таанышып, бала бакчанын педагогикалык жамааты менен жолугушуп, жамаатта өкүм сүрүп жаткан көйгөйлөр, айрыкча тарбиячылардын айлык акыларынын аздыгы жөнүндө баарлашышты. 

Профсоюздун Сузак райкомунун

басма сөз катчысы: З.Киргизбаев