Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институту алгачкы 26 угуучуну кабыл алды

Ош мамлекеттик университетинде жыл башынан ачылган  Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институту алгачкы угуучуларын кабыл алып,   кыргыз тили жана адабияты, математика мугалимдерине арналган 2 жумалык курстар өз ишин баштады.

100 саатка ылайыкташкан курстун алкагында угуучулар тажрыйбалуу профессор-окутуучулардан тиешелүү предметти окутуунун методикасы, сабактарда маалыматтык коммуникациялык технологияларды пайдалануунун жолдору, педагогиканын, психологиянын бүгүнкү актуалдуу көйгөйлөрү, жалпы ресрубликалык тестирлөөгө (ЖРТ) окуучуларды даярдоонун жаңыча методдору боюнча сабак алып жатышат.

Учурда Кара-Суу, Ноокат райондорунан, Ош шаарынан келген 14 мугалим кыргыз тили жана адабияты курсунда, 12 мугалим математика курсунда билимин жогорулатышууда.

“Мугалимдердин келип квалификациясын жогорулатып кетүүсүн уюштуруу үчүн учурда райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен тыгыз иш алып барып жатабыз. Бул курстарыбыз жыл бою уланат. Курстун угуучулары ОшМУда түзүлгөн заманбап талаптарга жооп берген лаборатория, борборлордун кызматтарынан пайдаланышат жана аларга илимдин кандидаттары, докторлор, профессорлор сабак беришет”, -деди аталаган институттун директорунун орун басары ф-м.и.к. Жылдыз Артыкова.

            Курстун жыйынтыгы менен угуучулар окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берген КРнын Билим берүү жана илим министрлиги талабына ылайык мамлекеттик үлгүдөгү сертификатка ээ болушат. 

            Эске сала кетсек, аталган институтта бала бакча тарбиячысы, башталыч класстар, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, өзбек тили жана адабияты, англис тили, математика, физика, информатика, биология, химия, география, тарых, музыка, дене тарбия, сүрөт, эмгек, адеп, манас таануу, бала бакча методисти, интернат тарбиячысы, мектеп директору, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, социалдык педагог, мектеп психологу, мектеп бирикме жетекчилери, класс жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу багытында курстар уюштурулат.