Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогдордун жайкы дем алуусу кандай өттү?

Кесиптик бирликтин райондук комитети жана 52 мектептеги, 3 райондук билим берүү мекемелериндеги жана 26 мектепке чейинки билим берүү борборлорундагы баштапкы уюмдары тарабынан райондук мамлекеттик администрация, райондук билим берүү бөлүмү жана айыл өкмөттөрү менен биргеликте билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана дем алуусун уюштурууга жыл сайын өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө. Быйыл да бул маселе көңүлдүн четинде калган жок. Кесиптик бирликтин райондук комитетинин Президиумунун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын 2014-жылдын 20-майындагы биргелешкен отурумунда «Билим берүү мекемелеринин педагогикалык жана көмөкчү кызматкерлеринин жана алардын балдарынын 2014-жылдагы  жайкы дем алуусун уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» деген маселе талкууланып, бул багытта быйылкы жылы аткарыла турган иштердин планы талкууланып бекитилген болчу. 

Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын ичинде Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан санаторийлерге, пансионаттарга жана дем алуу үйлөрүнө  берилген 219 120 сомдук 12 жолдомо менен 68 кесиптик бирлик мүчөсү ден соолуктарын чыңдап, дем алып келишти. Бул жолдомолор бардык дарылануучуларга жана дем алуучуларга акысыз таратылды. Суроо-талап көп болгондуктан, кесиптик бирликтин облустук комитетинин (төрагасы З.Н.Бөтөков) уюштуруусу боюнча келишимдик баада Оштогу К.Мамакеев атындагы санаторий-профилакторийинде  13, “Ош” пансионатында 5 кесиптик бирлик мүчөсү дарыланышты. Бул жолдомолордун жалпы баасы 140 800 сомду түзүп, 18 кесиптик бирлик мүчөсүнө башиапкы уюмдарынын сунуштарына ылайык райондук кесиптик бирлик уюму тарабынан 42 500 сомдук материалдык жардам көрсөтүлдү.

Райондук билим берүү бөлүмү менен райондук комитеттин биргелешкен чечимине ылайык жыл сайын “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты балдар бакчасы”, “Жылдын мыкты социалдык өнөктөшү – мектеп жетекчилиги”, “Жылдын мыкты социалдык өнөктөшү –баштапкы кесиптик бирлик уюму” кароо-сынактары өткөрүлүп, жеңүүчүлөр (I, II,III орунду ээлегендер) райондук комитеттин тиешелүү даражадагы  дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланып, буга кошумча сыйлык катары  республиканын кооз жайларына дем алуу экскурсияларына катышып келишүүдө.  Быйылкы жылы өткөн жылдагы жеңүүчү деп табылган Самаркандек гимназия-жатак-мектебинин, Б.Нарматов  атындагы орто жана  Кара-Токой гимназия мектебинин   мектеп жетекчилери, Бужун орто, С.Момунов жана  М.Салихов атындагы орто мектептеринин  баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын активисттери, райондогу мыкты деп табылган «Ак жолтой», “Айданек”, “Алтын казык” жана дагы 6 мектепке чейинки билим берүү борборлорунун алдыңкы алдыңкы билим берүү кызматкерлери, ошондой эле ардактуу эс алууга чыккандыктарына карабастан, мектепте иштеп жатышкан 17 эмгек ардагерлери  дагы түштүк аймагыбыздын кооз жерлеринде экскурсияда болушту. Мындай экскурсияларга 118  кесиптик бирлик мүчөсү катышып, 287 750 сомдук каражат сарпталды. Бул каражаттын 65 875 сому райондук комитеттин, 30 000 сому облустук комитеттин, 170 375 сому айыл өкмөттөрүнүн, 21 500 сому демөөрчүлөрдүн эсебинен бөлүндү.

 

Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү борборлорунун жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдары тарабынан уюштурулган 1-3 күндүк дем алуу экскурсияларына Кара-Булак айыл округунан 160, Дара айыл округунан 159, Кара-Бак айыл округунан 210, Кыштут айыл округунан 152, Самаркандек айыл округунан 141, Ак-Сай айыл округунан 53, Ак-Татыр айыл округунан 77, Суу-Башы айыл округунан 70,  Төрт-Күл айыл округунан 89, райондук билим берүү мекемелеринен 44, жалпысынан район боюнча   1 155 кесиптик бирлик мүчөлөрү катышышып, ден соолуктарын чыңдашып, республиканын кооз жерлери менен таанышып кайтышты.

Жайкы дем алууну өткөрүүгө материалдык жана уюштуруучулук жактан  Кара-Булак, Дара, Кара-Бак, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн башчылары М.Насировдун, Ж.Сайкаловдун, С.Убаевдин жана К.Салиховдун, ошондой эле Б.Байназаров атындагы башталгыч, А.Масалиев, С.Момунов, Б.Нуралиев атындагы жана Чек орто мектептеринин, “Наристе”, “Бала нур”, “Гүлзар”, “Ак-Тилек” мектепке чейинки билим берүү борборлорунун жетекчилеринин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын мактоого татырлык иш жасагандыктарын белгилеп коюу зарыл.  

Жалпы жонунан жайкы дем алууга 1 359 кесиптик бирлик мүчөлөрү катышышып, аны уюштурууга    1 297 825 сом сарпталды, мунун 129 150 сому райондук комитеттин, 55 600 сому облустук комитеттин, 2 336 сому билим берүү кызматкерлерин колдоо фондусунун, 205 375 сому айыл өкмөттөрүнүн, 834 864 сому билим берүү мекемелеринин, 70 500 сому демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланды. Райондук комитеттин, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жана жалпы эле билим берүү мекемелеринде иштеген педагогикалык жана көмөкчү кызматкерлеринин  атынан билим берүү кызматкерлеринин дарылануусун жана дем алуусун уюштурууга материалдык жактан көмөк көрсөткөн кесиптик бирликтин облустук комитетине, айыл өкмөттөрүнө жана демөөрчүлөргө терең ыраазылык билдиребиз.

 

Билим берщщ  кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин  Баткен

райондук комитетинин  жетектөөчү адиси                                                       Б.Абдыразакова