Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Педагогдордун балдарына – Жаңы жылдык белектер

2016-жылы Жаңы жылды тосуунун алдында Билим беруу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиумунда райондогу мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде  жана мектептен тышкаркы мекемелерде иштеген 2 580  кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн балдарына Жаңы жылдык белек тартулоо маселеси каралды.

            Маданий массалык иштерге каралган каражаттардын эсебинен мектептерге 217 950 сом, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 35 200 сом, бардыгы болуп 253 150  сом бөлүндү. Белектерди Жаңы жылдык арча майрамында баштапкы кесиптик бирликтин төрагаларына тапшыруу милдеттендирилди.

 

 

 

Билим беруу кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин жетектөөчү адиси                                           Б.Абдыразакова