Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пайдалуу семинар

    Талас шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү биригип, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмү деп аталгандыктан, тармактык профсоюз комитеттери дагы биригип, Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитети деп аталды. Жалпысынан 56 баштапкы профсоюз уюмдары бар.

    2017 – жылдын 4 – апрелинде Талас шаарындагы №3 мектеп гимназиясынын базасында Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитетинин төрайымы Батырбаева Фатима Асанжановна тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагаларына жана төрайымдарына Баштапкы профсоюз уюмдарынын документтеринин тартиби тууралуу семинар өткөрүлдү. Анда документтердин түрлөрү, аткарылышы, жазылышы жана сакталышы жөнүндө кенен маалымат берилип, суроолорго жооптор айтылды.

    Жаӊы технологиянын мүмкүнчүлүгүнө таянып ар бир документтин электрондук варианты иштелип чыгып, семинарга катышкандарга таратылды. Бул иштин ыӊгайлуу, эффективдүү аткарылышына чоӊ жардам болот.

    Семинардын жыйынтыгында кагаз жүзүндө сурамжылоо жүргүзүлүп, анда дагы профсоюз уюмдарынын мындан аркы потенциалын көтөрүүдө кандай жардам ирээтинде окутуулар, семинарлар керек экени аныкталды.

 

Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы Жуманалиев Татыбек Анарбекович