Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Пайдалуу семинар

     Жакында Жалал-Абад облустук мамлекеттик архивинин базасында Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин жетекчилигинин демилгеси менен иштиктүү семинар ɵткɵрүлдү.

     Семинарга профсоюздун Жалал-Абад облустук Кеӊешинин, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин, саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетинин, маданият кызматкерлеринин профсоюзунун обкомунун ж.б. тармактык профсоюздардын ɵкүлдɵрү катышышты.

     Семинарды жогоруда аталган архивдин директору А.Аширалиев ачып, анын максаты жана милдеттерин белгилеп, кеӊири сɵз сүйлɵдү.

     Аймактык архивдин башкы архивисти Э.Жолдошев Кыргыз Республикасынын УАФ мыйзамынын аткарылышы, мекеме, уюмдардын иш кагаздарынын номенклатурасы, Архивдин жоболору, эксперттик комиссия жɵнүндɵгү жоболор жɵнүндɵ маалыматтарды жеткиликтщщ формада баяндады.

     Адис Г.Момунова тармактык профсоюздардын документтерин уюштуруу жана тескɵɵ маселелери боюнча кеӊири түшүнүктɵрдү (слайддар менен) берди.

     Семинардын экинчи жарымында катышуучулардын суроо-жоопторуна ынанымдуу жооптор берилди.

     Профсоюз кызматкерлерине тиешелүү ченем-укуктук документтердин топтому таркатылды.

     Ушундай мазмундагы семинарлар ыӊгайына жараша профсоюздун райондук жана шаардык комитеттеринин кызматкерлери үчүн да ɵткɵрүлɵ тургандыгы белгиленди.

Обкомдун пресс-катчысы: М.Абдыкадырова