Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук жыйын

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кызыл-Кыя шаардык комитети аткарылган иштери боюнча отчеттук жыйынын өткөрдү. Жыйынга шаардын баштапкы кесиптик бирликтердин төрагалары катышып, жыл ичинде эмне жумуштар аткарылгандыгы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, билим берүү кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлгөн спорттук мелдештер, шаардык денгээлде  өткөрүлгөн  иш- чараларды өткөрүүгө ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болгон билим берүү кызматкерлерине материалдык жардамдар, «60 жаш» юбилейлик даталуу күндөргө карата бөлүнгөн каражаттар, билим берүү кызматкерлеринин  жайкы эс алуусунун  уюштуруулусу да профсоюздун жумушу экендиги айтылды.

Шаардын билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусунун уюштурулушу боюнча аткарылган жумушка ата- энелери жана балдары ыраазы экендигин билдиришти.

Жыл сайын өткөрүлгөн кесиптик бирликтин билим берүү кызматкерлеринин укуктук-ченемдик актылар боюнча билимдерин өнүктүрүү, билим берүү кызматкерлеринин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилеринин лидерлик сапаттарын көтөрүү, компетенттүүлүктөрүн арттыруу максатында өткөрүлгөн "Брейн-ринг" интеллектуалдык оюну маанилүү экендиги айтылды.

2024-жылга карата иш план түзүлдү жана талкууланды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кызыл-Кыя шаардык комитети