Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Отчеттук кайра шайлоо конференциясы

     2023-жылдын 18-апрелинде  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында Бириккен кесиптик бирлик комитетинин отчеттук-шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияда төмөндөгүдөй күн тартиби каралды:

  1. Кыргыз улуттук университетинин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин ишинин отчету. Баяндамачы: Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы К.Жумабеков.
  2. КУУнун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин Ревизиондук комиссиясынын отчету.
  3. КУУнин Бириккенн кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүн шайлоо.
  4. КУУнин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин Ревизиондук комиссияссын шайлоо.
  5. КУУнун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасын шайлоо.

     Конференциянын жүрүшүндө жумушчу президиуму, катчылык, мандаттык жана редакциялык комиссиялар иш алып барышты.

     Биринчи маселе  боюнча КУУнун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин 2017-2022/23 жылдар аралыгындагы  иши жөнүндөгү отчеттук баяндаманы комитеттин төрагасы К.Жумабеков жасады. Андан соң КУУнун кесиптик бирлик комитетинин Ревизиондук комиссиясынын 2017-2022/2023 жылдардагы иши тууралуу отчетту анын төрайымы, экономика илимдеринин доктору С. Макеева жасады.

Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөн делегаттар университеттин бириккен кесиптик бирлик комитетинин жүргүзгөн иштерине кеңири токтолушуп, ал кызматкерлердин эмгектик укугун коргоо жана башка маселелер боюнча алгылыктуу иш алып барышкандыгын  белгилешти. Уюмдун ишин канааттандырарлык деп табуу жөнүндө токтом кабыл алынды.

КУУнин Бириккен кесиптик бирлик комитетинин жаңы 41 мүчөсү шайланды. Ошондой эле кесиптик бирлик комитетинин Ревизиондук комиссиясынын мүчөлөрү да шайланды.

КУУнун Бириккен кесиптик бирлик коммитетинин төрагасын шайлоо болуп өттү.

Төрагалыкка 4 талапкер көрсөтүлдү. Шайлоонун жүрүшүндө үчөө талапкерлигин алып салышты. Көпчүлүк добуш менен Жумабеков Кубанычбек Сатарович КУУнун Бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп кайрадан шайланды.

Отчеттук  кайра шайлоо конференциясынын ишине КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А. Токтогулов, Кыргыз улуттук университетинин ректору Т. Абдрахманов катышты жана сөз сүйлөштү.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети