Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда ишембилик өткөрүлүп, 120 даана арча жана карагай көчөттөрү отургузулду

Кечээ, 11-февраль күнү Ош технологиялык университетинин окуу корпустарынын айланасына 120 даана жаш арча жана карагай көчөттөрү отургузулду. Буга карата университеттин Административдик чарба бөлүмү тарабынан жалпы окуу жай боюнча атайын ишембилик уюштурулуп, Кара-суу районунун Кашкар-Кыштак айылында өстүрүлүп даярдалган көчөттөр алынып келинген.

Ишембиликке окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер чыгышып, жаңыдан келген жаш көчөттөрдү отургузууга активдүү катышты. Ал эми ушул жуманын аягында дагы 100дөн ашуун жаш көчөттөрдү отургузуу пландалып, окуу жайдын айланасы жашылдандырылмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин университеттин окуу корпустарынын айланасына ийне жалбырактуу дарактар 2000-жылдары гана отургузулган.

 

А.Жалилов